Жеңил унааа ала салып кетип, ата-бала мерт кетти (видео)

266

Бишкек шаарынан алыс эмес жердеги Кашка-Суу капчыгайындагы унаа кырсыктан ата-бала көз жумду. Окуяга күбө болгон окурман билдирген маалымат боюнча, видеотасма 6-июлда Кашка-Суунун аймагынан тартылган.

Чүй ОИИБдин расмий маалыматы боюнча, 6-июлда саат 14:30 чамасында милиция кызматкерлерине билдирүү түшкөн. «Кашка-Суу» лыжа базасына жакын жерге барышкан милиция кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын такташкан.

«Субару Форестер» унаасынын айдоочусу-1988-жылы туулган С.А. башкарууну жоготуп, унаа бир нече жолу ала салган. Унаа ала салганда айдоочу жерге ыргып кеткен деп болжолдонуп жатат. Анын денесин ошол жерде жүргөн жарандар кийинчерээк табышкан. Ал эми салондо айдоочунун жубайы – 1986-жылы туулган С.А. жана жубайлардын уулу -2015-жылы туулган С.Э. болгон. Алар оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабастан 4 жаштагы бала ооруканада көз жумду.

Маркум айдоочунун жубайы дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы оор.

Булак: Баракелде

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь