Жылдызбек Турганов “Калыс Ордо” улуттук жыйынынын катчысы: “Атамбаев элди бөлгөндү токтотпосо чечкиндүү кадамдарга барабыз”

321

– Жылдызбек мырза, «Калыс Ордо» жыйынынын жалпы катышуучуларынын атынан кыргыз элине жана президентке кайрылган экенсиздер.

Бул жыйын эмне болгон жыйын, анда кимдер мүчө болуп катталган?

– Кыргызстандын парламенти ушул жылдын 27-июнунда тарыхий чечим кабыл алды. Тактап айтканда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алды. Чынында Жогорку Кеңештин бул кадамы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Эл арасында ким болбосун мыйзам бузган болсо жооп берет деген түшүнүк калыптана баштады. Тилекке каршы, Атамбаев Кой-Таштагы хансарайына жакындарын чогултуп алып мыйзамга баш ийбей, суракка чакырса келбей жатат. Анын элди ачыктан-ачык бөлүп жатканы да коомго бүлүк салууда. Аксы, Ош окуясы сыяктуу кан төгүүлөрдү башыбыздан өткөргөндүктөн, ушундай окуялар кайра орун алып кетип, бейкүнөө балдардын каны төгүлбөсүн деп биз да аракеттене баштадык. Алгач эле 50дөй белгилүү адамдарды чогултуп жыйын куруп, жалпы коомчулукту ынтымакка, биримдикке чакырдык. Ага белгилүү саясий ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү, Чүйдүн аксакалдары, Атамбаевдин айылдаштары да катышты. Бул ишти андан ары улантуу үчүн атайын “Калыс-Ордо” кеңешин түзүп, ага Атамбаевдин жердеши, белгилүү коомдук ишмер Ормон Шаршенов төрага болуп шайланды.

– Коомчулук сиздердин мындай аракетиңиздерди кандай кабыл алып жатат?

– Биздин аракетибизди элдин баары колдоп, кол сунуп, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү каалагандар көп болууда. Атамбаевдин жанында жүргөн балдар, ошондой эле жаштар алданып кетпесин дегендер көп. Бизге азыр тынчтык керек болуп турганын эл да эң жакшы түшүнүп турат. Ал эми Атамбаев таза болсо мыйзам алдында аны далилдесин деген талап коюп жатабыз.

– Аталган кайрылууну кантип жайылтып жатасыздар?

– Аны маалымат каражаттары аркылуу жарыяладык. Президенттик Аппаратка да өзүм алып барып тапшырып келдим. Атамбаевдин кеңсесине барсак, өзү жок экен, маалымат катчысы Кундуз Жолдубаевага тапшырдык. Ал да бизди түшүнүү менен кабыл алды.

– Жакында экинчи ирет жыйынга чогулган экенсиздер. Ага кимдер катышты?

– Экинчи жолку жыйыныбызга белгилүү адамдар көп келди. Ошол эле Апаз Жумагулов, Кубанычбек Кадыров, Замир Эралиев, Актан Арым Кубат, Нур уулу Досбол, Дастан Сарыгулов сыяктуу инсандардан турган 7 дубандан өкүлдөрүбүздү шайладык. Бишкек шаарында штаб ачып, ага агылган элдин саны көбөйүп жатат. Элдин көпчүлүгү өлкөдө тынчтык болсун, Атамбаев элди түндүк-түштүккө бөлгөндү токтотсун деген ураанды колдоп жатат. Биз да экс-президентке ушундай нукта кайрылдык.

– Атамбаев эч кимди укпай элди бузганды уланта берсе кандай кадамдарга барасыздар?

– Атамбаев элди бөлгөндү токтотпосо чечкиндүү кадамдарга барабыз. Албетте, биз ага окшоп тапанчам бар, атышабыз дебейбиз. Бирок, коомчулуктун күчү менен тыябыз. Кайрадан кан төгүүгө, бир адамдын керт башы деп өлкөдө башаламандыкка жол бербейбиз. Бул үчүн биз катуу турабыз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь