Жүк ташыган унаанын айдоочусу 6 жеңил унааны сүзүп качып кетти

283

Бишкекте жүк ташыган унаанын айдоочусу мас абалда 6 жеңил унааны сүзүп салды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

Берилген маалыматтарга караганда, жол кырсыгы кечээ саат 22:30 чамасында Курманжан датка көчөсүндө катталган. Айдоочу унаасы менен Эне-Сай жаңы конушунан чыгып, Курманжан датка көчөсүнө жеткенде 6 унааны катары менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

“Айдоочу кызматкерлер тарабынан ГЭС-5 аймагынан кармалды. Ал 43 жаштагы У.Э. аттуу жаран болгон. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө”, -деп билдирет басма сөз кызматы.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь