“Калыс Ордо” жыйыны Жээнбеков менен Атамбаевге кайрылуу кат жолдоду

276

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековко

Урматтуу Кыргыз Элине

Мурдагы президент Алмаз Шаршенович Атамбаевке

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын башкы сөзүндө – укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теӊдикти, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп, ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу мамиледе болуу жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алганбыз деп таасын жазылган. Ал эми Конституциянын 60 –беренесинде:

1. Президент мамлекет башчысы болуп саналат.

2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат деп так жазылган.

Ошондуктан урматтуу Сооронбай Шарипович, Сиз мамлекет башчысы болгондуктан, Журт башы катары республикабыздын бардык жарандарынын эркин укугун жана коопсуздугун камсыздандыруу боюнча гарант болуу – ыйык вазыйпаӊыз деп билебиз! Биз, жети дубандын коомчулугунун аксакалдары, республикабызда түзүлгөн учурдагы терс кырдаалга өтө тынчсыздануудабыз. Сизден суранаарыбыз, учурдагы кырдаалды оӊдоо үчүн, тез арада улуу жоопкерчилик менен бардык аракеттерди колдонуп, Журт алдында берген антыӊызды адилеттүү аткаруу менен, мыйзамдуулукту туу тутуп, араздашкан тараптардын мүдөөсүнүн укук талаасында каралышына гарант болушуӊузду тереӊ ишеним менен күтөбүз. Урматтуу Президент! Сизди жалпы эл чоң үмүт менен шайлаган. Сиздин таянаар тооӊуз – Кыргыз элинин ишеними! Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн мыйзамдуу чечимиӊизди жалпы эл колдойт! Үчүнчү төӊкөрүшкө элибиз жол бербейт! Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Атамбаев Алмаз Шаршеновичке да кайрылуубуздун себеби бар. Жогоруда биз белгилеп кеткен Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы алгачкы сөздөрү, Сиздин Президенттик мөөнөттү өтөп турганда (КР 2016-жылдын 11-декабрындагы бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынып, ошол кездеги жарлыгыӊыз менен жарыяланган. Сиз президент болуп турган учуруӊузда коомчулук алдына байма-бай чыгып, баарыбыздын даражабызга, кызматыбызга жана улутубузга карабай, кабыл алынган Башмыйзам менен жашоону үндөп, ишендирип эле келбей, укук багытында талап кылып келгенсиз.

Демек, эл журтка арткан ишенимиӊиз бүгүнкү учурда тагдырдын таразасына кабылып, сыноого тушуккан тагдырыӊызды сабырдуулук менен кабыл алып, жеке укугуӊузду мыйзам аркылуу коргоп алууӊузду эл талап кылууда. 2011-2017- жылдардагы Сиздин бийлик учуруӊузда саясий куугунтуктан жапа чегип, азап-кордук тарткан кыйла мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, ММК өкүлдөрүнүн толук акталышы дагы эле күн тартибинде көйгөйлүү маселе боюнча калууда. Учур сизди оор сыноодон өткөрүүдө. Сиздин мыйзамга көрсөтөөр урматыӊызды элибиз ишеним менен күтөт. Эл ишенимин актасаӊыз, мыйзамды барктайсыз. Ал эми биз – коомчулуктун аксакалдары, Сизди дагы мыйзам чегинде жеке укугуӊузду коргоп алууга аракет кылууга чакырабыз. Учурга жараша жалпы коомчулукка кайрылуубуздун себеби, жакынкы эле тарыхыбызда, мамлекетибиздеги эки ыӊкылап аралыгында, мыйзамдар иштебей калгандыктан, талап-тоноо бүлгүнчүлүк башталып, башаламандыктан далай адамдар өмүрүнөн ажырады. Ата-энелерин боздотуп, туугандарын сыздатса, үй-жайын таштап качып-бозгондор көбөйүп, саясий- экономикалык жана социалдык каатчылыктарга кабылып, кыйла кыйынчылыктарды башыбыздан өткөргөндүгүбүз баарыбыздын эсибизде.

Кайрылуубуздун жыйынтыгында, Жараткандан жумурай журтубузга ырыс-ынтымак, бакубаттыкты тилейбиз!

«Калыс Ордо» жыйынынын жалпы катышуучуларынын макулдугу менен.

(Жыйындын катышуучуларынын тизмеги тиркелет.)

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь