Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр болду

306

Тажикстандын Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган аймактарындагы сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча эки тараптын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тараптар анда чек ара сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек аранын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашкан.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым чек ара участокторун биргелешип жеринде текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында пландаштырылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь