Ооганстанда жолго коюлган бомба жарылды

305

Ооганстандын түндүгүндөгү Кандагар провинциясында жолго коюлган бомба жарылып, 11 киши, анын ичинде аялдар жана балдар каза тапты. Провинциянын Хакрез районунда 15-июлда түштөн кийин болгон жарылуудан дагы 35тей карапайым тургун жаракат алган. Бул тууралуу армиянын өкүлү Акмад Сыдык Иса маалымдады. Анын айтымында, жаракат алгандар жакынкы аскердик базадагы ооруканага жеткирилген, ал эми оор абалдагы бир канча киши провинциянын борборундагы бейтапканага жөнөтүлгөн.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү Юсуф Юнуси билдиргендей, курмандыктар – зыяратка бара жаткан бир канча үй-бүлөнүн мүчөлөрү жана жакын туугандар болгон.

Бул жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Бирок Юнуси жолго бомба коюп, ооган коопсуздук күчтөрүн жана башкаларды бутага алат деп “Талибан” кыймылынын жоочуларын айыптады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь