Ошто 2 жашар бала бассейнге чөгүп, каза болду

288

Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айылындагы эс алуучу жайда 2 жашар бала бассейнге чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-июлда болгон.

“Ата-энеси менен эс алууга барган бала бассейнге чөгүп кеткен. Баланын ата-энеси дагы окуя капыстан болгонун айтууда. Аны суудан алып чыгып эле “Тез жардам” кызматын чакыртышкан. Бирок бала дарыгерлер келе электе каза болуп калган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү иштер аткарылууда”, – деди басма сөз кызматы.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь