Ысык-Көлдө жоголгон Казак жаранын 280 адам издөөдө 

95

Ысык-Көл облусунда Казакстандын жаранын издөөгө жалпы 280 адам тартылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуя 14-июль күнү Кара-Ой айылынын “Кара-Көл” эс алуучу жайында болгон. Анда эс алып жүргөн 53 жаштагы М.А. аттуу Казак жараны скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон.

“Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылды. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлүүдө. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшүүдө. Кошумча маалымат берилет”, – дейт басма сөз кызматы.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь