Орусияда 58 жаштагы жаран унаасын жылдырам деп 3 жаштагы небересин тебелетип кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, каргашалуу окуя кечээ Волгограддагы Скворин айылында болгон. Анда чоң атасы, чоң энеси, кызы жана эки небереси менен токойго сейилдөөгө барган.
“Үй-бүлө токойдо сейилдеп андан соң карагат терүүгө өтүшкөн. Күндө туруп калган унаасын көлөкөгө жылдырайын деп рулга отурган чоң атасы унаанын алдына келип алган 3 жаштагы небересин байкабай калган. Ал унаасын айдаганда кичинекей небересин тебелетип алганын түшүнгөн. Кызды дароо жакынкы ооруканага жеткиришкен. Бирок оор жаракаттардан улам кыз ооруканага жетпей чарчап калган. Алгачкы медициналык экспертиза 58 жаштагы жаран соо болгонун аныктады”, – деп айтылат маалыматта.