Өзбекстанда 80 жаштагы карыя Тухтамиш Султоновжогорку окуу жайына өттү үчүн документтерин тапшырган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат булактары жазып чыкты.
Жазылган маалыматтарга караганда, эң улуу курактагы абитуриент Самарканд мамлекеттик университетинин биология мугалими бөлүмүн жана Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалына балдар дарыгери болуу үчүн эки окуу жайды тандаган.
Өзбекстанда быйылкы жылдан тарта жарандар ЖОЖго тапшырууда жаш курагына чектөөлөрү алып салынып, улуу муундагы абитуриенттерге бир жолу тест тапшырып үч жогорку окуу жайын тандоого мүмкүнчүлүк берген.