Алмазбек Атамбаев: “Текебаев парламентке керек болуп турат”

106

Алмазбек Атамбаев кечээ Кой-Таштагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу комментарий берди.

“Парламентке ал сыяктуулар абдан керек экени көрүнүп турат”, – деди А.Атамбаев.

“Сот боюнча факт далилденген. Бирок ал мөөнөтүн өтөп бүттү окшойт. Менин каталарымдын бири дайыма мыйзам боюнча чечкиле дегеним болгон деп ойлойм. Кээде жумшагыраак болууну да талап кылганда болмок экен”, – деп кошумчалады А.Атамбаев.

Жогорку сот мурунку депутат Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишти кароодо тыныгуу алды. Анын иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралып жатат.

16-июлда Жогорку соттун соттук коллегиясы кылмыш иштин материалдары менен тааныша турганын жарыялаган. Кийинки сот отуруму 21-августка дайындалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь