Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

193
Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Кечээ түштөн кийин катталган зилзаланын очогу Баткен облусунун Сары-Өтөк айылына 10 чакырым, Айдаркен шаарчасына 20 чакырым жакын жерде болду.Силкинүү күчү Сары-Өтөк, Совет, Кызыл-Коргон, Шуран, Айдаркен, Сур, Ормош, Кызыл-Коргон, Жаны-Коргон айылдарында 5 баллга жеткен.
Баткен жана Кадамжай шаарларында жана бир катар айылдарда 4 балл, андан алысыраак айылдарда 3, 2 баллга чейин сезилген.
Адам өмүрүнө коркунуч келген учурлар, кыйроолор болгон эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь