Ордо калаадагы Токтогул, Исанов жана Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан айрым кичи автобус каттамдарынын жүрүү схемалары өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Каттамы өзгөргөн кичи автобустар: № 102, 110, 195, 200, 210, 222, 266. Ал эми №222 маршрутка батышты көздөй кетип баратканда Киев көчөсү менен Шопоковдон Жаш Гвардия проспектисине чейин жүрөт.
№102, 195 маршруткалар Москва көчөсү менен Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө дейре каттайт.
№200 маршрутка Киев көчөсү менен Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин жүрөт.
Кошумчалай кетсек, кичи автобустардын каттамы жолдор оңдолгондон кийин калыбына келет.