Дайынсыз жоголгон Казак жараны табылды

366

Ысык-Көл облусунда скутер менен жоголгон Казакстандын жараны М.Аркадий табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалым болгондой, ал кечээ “Алтын-Көл” эс алуу жайынын каттоо бөлүмүнө келди. М.Аркадийдин айтымында, ал скутерди ижарага алып, көлдүн түштүк жээгине айдап барганда, ошол жерде скутер чөгүп кеткен. Ал такси менен кайра түндүк жээгиндеги аталган эс алуу жайына келгенин айтып берди. Бул иш боюнча М.Аркадий жергиликтүү милиция бөлүмүнө чакырылды.

53 жаштагы М.Аркадий 14-июль күнү дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылган. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлгөн. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшкөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь