Кореянын өкмөт башчысынын Бишкекке үч күндүк сапары башталууда

142

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен бүгүн Кыргызстанга келет.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анын сапары 19-июлга чейин созулат. Сапар алкагында 50дөн ашуун кореялык компаниялардын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форуму, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

Корей өкмөт башчысын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь