Кыргызстанда көмүскөдөгү 7 миллиард 717,4 миллион сом табылды

345

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 6 айында көмүскөдөгү 7 миллиард 717,4 миллион сомдук салыкты таап чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарым жылда жашыруун салыктарды аныктоо үчүн 5 868 текшерүү жүргүзүлгөн.

“Текшерүүнүн натыйжасында 7 миллиард 717,4 миллион сомдук салык жашырылганы аныкталды. Анын ичинен азыркы тапта 5 миллиард 874,7 миллион сому өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1 миллиард 566,2 миллион сомго же 76,1 пайызга көп”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле калган салыктарды (1 миллиард 316,4 миллион сом) өндүрүү үчүн 115 материал укук коргоо органдарына берилген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь