Лебединовкадагы турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

157

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Победа көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү кызматы тартылган. Такталган маалымат боюнча, Лебединовка айылынын Победа көчөсүндөгү турак үйүнөн чыккан өрт саат 15:16да чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь