Бишкекте бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.
Финполдун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай учур Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатат. Факт «Салык төлөөдөн качуу», «Кылмыштуу кирешени (каражаттарды) адалдоо» беренелеринин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Маалыматка ылайык, Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде Т.Ц. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блокчейн) колдонушкан.