“Манас” эл аралык аэропорту ушул жылдын 6 айында 1 миллион 694 миң 639 жүргүнчүнү тейледи.

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Анын ичинде 588 миң 169 киши ички авиа каттамдар менен учса, 1 млн 106 миң 470 жүргүнчү эл аралык авиа каттамдар боюнча учкан.

Мындан сырткары аэропорт 6 айда жүргүзүлгөн 14 миң 782 каттамды тейлеген. Анын 9 миң 629сы эл аралык каттам, ал эми 5 миң 153ү Кыргызстандын ичинде каттам болгон.

Бул каттамдар аэропорттун Бишкек, Ош жана Ысык-Көл филиалдары тарабынан тейленген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: