Социалдык тармактын колдонуучулары Ноокат районунун акими Давран Маматалиев жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө бош конверт тапшырганын жазып чыгышты. Аймактык кабарчы бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн иликтеди.

Ноокат районунан жалпы 15 бүтүрүүчү жогорку упай алышкан. Алардын жетөө «Ноокат билимканасы» лицейинин окуучулары болгон. Аталган лицейдин директору Самат Маматжан уулу окуучулары бош конверт алганын тастыктады.

«Конверттин ичине акимдин буйругу жазылган болчу. Сыйлыктарды тапшыруу белгиленген убакыттан эрте башталгандыктан акчасы кечигип калды окшойт деп туура эле түшүндүк. 3-4 күн мурда окуучулар акчаны алып кетишсин деп кабарлашкан. Бүтүрүүчүлөрүм комментарий беришпейт», – деди Самат Маматжан уулу.

Бирок «алтын сертификаттын» жана «Алтын тамга» аттестатынын ээси Самара Акылбекова сый акчаны алуу тууралуу кабар келе электигин билдирди.

«Мага “алтын сертификат” үчүн 5000 сом, “Алтын тамга” үчүн 1000 сом сыйлыкка кол коюлган буйругу бар конверт тапшырышты. Акча келгенде кабарлайбыз дешкен, бирок акчаны ала элекпиз», – деди С.Акылбекова.

Ошондой эле сыйлоо аземинде окуучулардан тышкары «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты мектеби», «Жылдын мыкты бала бакчасы» кароо-сынактарында жеңүүчү аталган мугалимдерге жана мектеп жамаатына сертификаттар тапшырылган.

Ал эми Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев акчалай сыйлыктарга 85 миң сом бөлүнгөнүн билдирди.

«Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 3-июлундагы №157-б буйругунун негизинде резервдик фонддон 85 миң сом бөлүнгөн. Ага ылайык буйрукта көрсөтүлгөн окуучуларга жана мугалимдерге сыйлыктардын өлчөмү көрсөтүлгөн сертификаттар берилген. Бүгүнкү күндө сыйлыкка ээ болгон 10 адам сертификаттары менен келип, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын бухгалтериясынан акчалай сыйлыктарын алып кетишкен. Акча каражаты 4-июлда эле эсепке түшкөн. Калган сыйлык ээлерине өздөрү каалаган учурда сертификаты менен келип, акча алып кетсе боло турганы айтылган», – деди аким.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн Ноокат районунун эсебине резервдик фонддон акча убагында түшпөй калгандыктан бош конверттер берилгенин билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн суранычы менен резервдик фонддон 85 миң сом бөлүнгөн. Бирок сыйлоо аземи боло турчу күнү эсепке акча түшпөй калып, каражат 4-июлда түшкөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: