АКШнын президенти диний ишеними үчүн запкы чеккендер менен жолукту

410

Американын президенти Дональд Трамп 17-июлда Ак үйдө өз мамлекеттеринде диний ишеними үчүн куугунтукка кабылган ондогон адам менен жолукту. Иран, Ооганстан, Пакистан, Түркия, Кытай, Ирак, Мьянма жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү өздөрүнүн жана жакындарынын диний ынанымы үчүн кордук көргөн оор тагдырлары тууралуу айтып беришти.

Кездешүү учурунда Кытай, Ирак, Мьянмадагы диний азчылыктардын укугу жана абалы көбүрөөк талкууланды.

АКШ 2017-жылы жүз миңдеген рохинжа мусулмандарын кошуна Бангладешке жер которууга аргасыз кылган кыргынга армия жетекчилери жоопкер деп эсептейт. АКШ президенти менен жолугушууга Мянмадан келген рохинжа мусулмандары да катышты.Ал эми кытайлык уйгур кыз атасы Шижаң-Уйгур автоном облусундагы “тарбиялоочу лагерде” жазасын өтөп жатканын айтып берди.

Кытай өкмөтү ал жайларды «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап келет.

Жолугушууга “Ислам мамлекети” террордук тобунун барымтасында үч ай кармалып, уруп-сабалып, зордукталып, колдон колго сатылган езид азчылыгынын өкүлү Надия Мруд да катышты

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь