Алмазбек Атамбаев бүгүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрадан 3-ирээт суракка чакырылды.

Маалыматка ылайык, чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришти. Анда мурдагы президент 19-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган. Чакыруу  “Элдик штабдын” башчысы Кыяз Смаиловго тапшырылды.

Эске салсак, мурдагы президент буга чейинки суракка чакырууларга барбай койгон. Аны ал азыркы бийлик мыйзамдык талаадан чыгып, ага карата бардык иштер токулган деп түшүндүргөн.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: