Лейлек районунун Исфана шаарында ири аянттагы арпа жана куураган чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Кожокелди-Сай тилкесинде болгон. Анын кесепетинен 70 сотых арпа жана 1,3 гектар куураган чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.