Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Белоруссиядагы эл аралык турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белоруссиянын ачык кубогу бүгүн, 18-июлда Брест шаарында башталды. Бүгүн кыргызстандык 4 спортчу жарышка түштү.
Дарья Маслова 500 миң метрди 16 мүнөт 12,02 секундда чуркап өттү. Турнирге Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандан 10 спортчу катышты.
Ал эми мырзалар арасында Нурсултан Кеңешбеков 3-орунга (14 мүнөт 23,5 секунд) ээ болуп, коло медаль тагынды. Мусулман Жоломанов 1500 метрге (3 мүнөт 49,53 секунд) чуркап, коло байге утту.