Жолдо бараткан машинаны токтотуп, телефон жана акчасын тоногондор кармалышты 2019-жылдын 24-июнь күнү Сузак районунун тургуну 1993-ж.т. Х.Н. арызданган. Ал өз арызында Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде өзүнө бейтааныш болгон азиат улутундагы 20-25 жаштар чамасындагы эки бала, эч бир себепсиз көк түзтөгү Матиз үлгүсүндөгү автоунаасы менен кысып токтотуп, аны экөөлөп рулдан түшүрүп, уруп-тээп сабап, эс-учун жоготкон учурда Редми үлгүсүндөгү кол телефонун жана машинасындагы 4000 (төрт мин) сом акчасын алып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетишкенин билдирген. Жогоруда аталган кылмыш окуясы боюнча Жалал-Абад ШИИБнин тергөө кызматы тарабынан КРнын ЖКнин 201-бер. 2-б. (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалал-Абад ШИИБнин криминалдык милиция кызматынын кесипкөй жана кыраакы кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш окуясына катыштыгы бар делген атуулдардын автоунаасынын мамлекеттик номери жана ээси аныкталган. Бул кылмышка катыштыгы бар делип Чүй областынын Жайыл районунун тургуну 1992-ж.т. А.Р. жана Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын тургундары 1998-ж.т. К.Н., 1992-ж.т К.У. шектүү катарында кармалышып, жасаган кылмыш иштерине байланыштуу далил буюм заттар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алардын башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери алып барылууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: