Кыргыз-корей премьер-министрлери жолугушту

229

 

Кыргызстан жана Түштүк Корея кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатат. Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тар чөйрөдө жолуккан учурда белгилешти.

Абылгазиев Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигинде өзүнүн жакын өнөктөштөрүнүн бири катары эсептей турганын, премьер-министрдин сапары кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүп жатканын айтты.

“Түштүк Корея Кыргызстанга алдыңкы технологияларды киргизүү жана пайдаланууга колдоо көрсөтүү менен президенттик жана парламенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштыкта өттү. Бул өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдүн жогорку денгээлин көрсөттү”, – деди Абылгазиев.

Мындан сырткары ал Түштүк Корея Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө үлгү болуп жатканын кошумчалады.

Корей премьер-министри 1992-жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын, бул эки тараптуу кызматашууну өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Кыргызстандын ШКУ жана ЕАЭСтин алкагында аймактык байланышты жакшыртууга кошкон салымын жогору баалады.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён үч күндүк расмий сапар менен 17-июлда Кыргызстанга келген. Сапардын алгачкы күнү эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтүп, өз ара кызматташуу боюнча эки документке кол коюлган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь