Мечитте жашаган ИИМдин кызматкери үйлүү болду

152

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын №31 таяныч пунктунун тескөөчүсү Чырмаш Үсөн уулу 3 бөлмөлүү үйлүү болду. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, буга чейин имарат жоктугунан Чырмаш Үсөн уулу айылдагы мечитте жана жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүндө үй-бүлөсү менен жашап келген. Буга байланыштуу үй курууга Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн бир миллион сом, Кадамжай райондук милициясынан 200 миң сом бөлүнгөн. Демөөрчүлөрдү кошкондо жалпысынан 1,5 миллион сом чогулган. Ага 3,5 сотых жерге төрт бөлмөдөн турган имарат курулган. Анын үч бөлмөсү Миң-Чынар айылын тейлеген аймактык тескөөчү, милициянын капитаны Чырмаш Үсөн уулунун үй-бүлөсү үчүн болсо, бир бөлмөсү кызматтык бөлмө катары колдонулат.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, облустук милициянын башчысы Аскарбек Аширалиев жана жергиликтүү жашоочулар катышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь