Орусиянын Санкт-Петербург шаарында унаадан кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Hyundai Elantra үлгүсүндөгү унаанын ичинен 6-июль күнү белгисиз жарандын денеси табылган. Ал эми маркумдун денесин кароо учурунда жана тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен кыйноо белгилери табылган эмес.
Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын 1985-жылы туулган Т. И. аттуу тургуну экени аныкталган. Тиешелүү документтер даярдалган соң “Жүк 200” менен Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөнү айтылган.