Оюндан от чыгат! Тик учак менен келген жубайлардын тою талкууга түштү (видео)

121

Казакстанда баш кошкон жаш жубайлар тоюна тик учак менен келишкен. Анын видеосу социалдык тармакка жайылып, талкуу жаратууда. 

Тасма 15-июлдажарыяланган. Андан Falcon Avia жоопкерчилиги чектелген коомго таандык R-44 тик учагынын конгонун көрүүгө болот. Жаңы үйлөнгөн жубайлардын бул аракети Чу шаарынын жашоочуларынын көңүлүн бурган.

Көп өтпөй Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин жарандык авиация комитети окуя тууралуу үн катып, тик учактын пилотун иштен алган. Себеби ал Казакстандын жарандык авиациясынын учуу эрежелерин сактаган эмес.

Мындан тышкары, инспекциялык комиссия Falcon Avia ЖЧКсынын учууларды уюштуруу ишин текшере турганы айтылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь