Республикалык психиатриялык ооруканадан өрт чыкты

195

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин кампасынан жана айланасындагы куураган чөптөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен аянты 700 метр квадрат болгон кампа толугу менен жана 500 метр квадрат ачык аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь