Аманбай Кайыпов: “Усубалиевдин сүрөтү боюнча басмакана күнөөлү”

237

Нарын шаарындагы чоң көчөлөрдүн биринде Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган такта илинген. Бирок, сүрөттөгү адам Кыдырма Орозалиев экенин Элдик Медиа аныктап чыккан.

Ал эми бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов комментарий берди.

“Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Аталган баннерди 2 күн мурда алмаштырышкан. Бул жерде басмаканадан ката кеткен. Анткени ал жерге буйрутма берилгенде алар интернеттен карап башка адамдын сүрөтүн түшүрүп коюшуптур”,-деди А.Кайыпов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь