Дөңгөлөк алдында калган 18 жаштагы кыздын акыркы мүнөттөрү (видео)

114

Түркияда 18 жаштагы кыз каттамдагы автобустан түшүп бирок анын арткы дөңгөлөгүнө тебеленип каза тапты. Бул тууралуу тасма интернетке чыкты.

Кырсык 16-июлда Гебзе шаарында болгон. Айдоочу белгисиз себептерден улам аялдамага жетпей токтогон жана андан 18 жаштагы Гюнай Асар саатына 30 чакырымдык ылдамдык менен бара жаткан автобустан түшүп калган.

Тилекке каршы, кыз автобустун арткы дөңгөлөгүнүн алдында калды жана тез жардам келгенче көз жумду.

Ал эми айдоочу камакка алынганы айтылууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь