Жээнбеков Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту (сүрөт)

313

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өлкө башчы Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирге катышканы үчүн атактуу спортчуга ыраазычылык билдирди.

Өлкө башчы белгилүү спортчу Татьяна бекем ден соолук, бакубатчылык каалап, мамлекетибизде спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын белекке берди.

Андан тышкары, Сооронбай Жээнбеков жана Татьяна Колпакова өлкөбүздүн жаш жеңил атлетчилеринин жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалашып, спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү чаралары тууралуу пикир алмашышты.

Эске салсак, 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Индиядан 200гө жакын спортчулар катышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь