Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Алмазбек Атамбаевдин күч менен кармалышы боюнча тараган билдирүү боюнча түшүндүрмө берди.
18-июлда Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева мурдагы президентти күч менен кармап кетүү пландалып жатканын айткан.
ИИМдин маалымат кызматы Жолдубаеванын жазгандарын төгүнгө чыгарды.
“Бизде андай маалымат жок. Биз аны чакырганыбыз чын. Эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү таратып жатканы бизге белгисиз. Бул жалган маалымат”, — деп билдиришти ИИМден.
Эске салсак, 18-июлда Атамбаевге үчүнчү ирет чакыруу кагазы келген. Ага ылайык, мурдагы президент 19-июлда саат 10:00дө ИИМдин имаратына келиши керек болчу. Атамбаев буга чейин келген эки чакырууга барган эмес