Бүгүн Чаткал жана Ала- Бука райондорунун активистери “өкмөткө өгөй өрөөндөр” аталышындагы маалымат жыйын курду.
Анда биринчиден болуп кен казып жаткан компаниялар экологилык талаптарды сактабай жатканын айтып чыгышты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик башчыларын, акимдерди кен казган компаниялар сатып алганын, “соцпакет” жергиликтүү казынага түшкөн акчалар туура эмес пайдаланып жатканын деп белгиледи
Жаш активист Кылыч Шанаев Ала- Бука Чаткал райондорунан чыккан депутаттар Азиз Турсунбаев менен Искак Пирматов буга чейинки парламенттик шайлоо алдында көптөгөн убадаларды берип келгендиген, бирок иш жүзүндө алар убадасын аткарбай жатканын белгиледи. Себеби алтын казган компаниясын калкалап алардан үлүш алышы мүнкүн экенин жүйө келтирет
Ошону менен бирге өткөн айларда Жогоку Кенештин активдүү депутаттары рыскелди Момбеков менен Элвира Сурабалдива “Ураа ураа менен барышкан” бирок келгенде эки эле маселени көтөрүп койгонун айтты. Алар аким менен жолуккандан кийин башкача көз карашта болуп калганын, алар көтөрүп чыкчу жол, таза суу, экологиялык абал дагы деле манилүү экенин айтышат . Толук видео шилтемеде.