Бул жылы чыгаан мамлекеттик ишмер, 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргыз ССРин башкарган жетекчи, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы. Борбордогу  эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү демилгеси көтөрүлүп, коомдук талкуу жүрүп жатат. Ошол эле маалда  өзү туулуп өскөн Нарын облусунун, Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө   “чыгаан мамлекеттик ишмер , Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевге 100 жыл” деген ураан менен жарнак тактасы илинген. Бул тактадагы сүрөттү айрымдар Турдакун Усубалиев экенин айтышса  айрымдары башка бирөө деп окшоштура албай жатат.

Эми сүрөттөгү адам  чын эле Турдакун Усубалиевби деген суроо туулат?

2013- жылы 12- декабрда тартылган сүрөттү шаардагы тактага пайдаланган.  Сүрөттүн ээси “Вечерный Бишкек” басылмасы.  Анда Бишкектин ардактуу атуулдарын сыйлоо аземинде бир катар эмгеги сиңгендер сыйлык алышкан. Анын ичинде мурдагы унаа министри Орозалиев Кыдырма  дагы бар. Сүрөттөгү адам Орозалиев Кыдырма ал убакта 75 жашта болчу .

Ал эми Турдакун Усубалиев бул жылы 93 жашта болчу. Усубалиев 95 жашында дүйнө салган.

2013- жылы эмес ага чейин эле, тагыраагы 1994-жылы бул сыйлык жаңы чыккан кезде Чынгыз Айтматов , Сулайман Демирель, Асанхан Джумахматов, Кайып Оторбаев, Мамбет Мамакеев сыяктуу инсандар менен бирге алган.

Эки адамдын окшоштук жактары бар. Бирок шаардык бийлик бул сүрөткө, жылдардын аралыгына маани берген эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: