Нарын шаарындагы чоң көчөлөрдүн биринде Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган такта илинип турат. Бирок андагы сүрөт башка экенин окурман жазган.
“Ушул жылы чыгаан мамлекеттик ишмер, 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргыз ССРин башкарган жетекчи, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Бишкекте эски аянтка Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп, коомдук талкуу жүрүп жатат. Бирок, белгилүү мамлекеттик ишмерибизди өзү туулуп өскөн Нарын облусунун жетекчилери тааныбаганы таң калыштуу болууда. Нарын шаарынын борбордук аянтына “Чыгаан мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевич Усубалиевге 100 жыл” деп чо-оң баннерге бадырайта жазышып,башка эле адамдын сүрөтүн коюп коюшуптур. Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Турдакун Усубалиевди “тирүү” көрбөсө, интернетке кирип, анын сүрөттөрүн карап койбойбу. Баннерди жасагандарга эмес, ошол баннерди илип алып, даярдык көрүп жатабыз деп олтурган Алымкулов менен Кайыповго уят эле. Тезинен сүрөттү алаштырышы керек…”-деп билдирүү калтырган.