Ольга Бузова Бишкекке эмнеге келди?

383

Орусиялык ырчы, “Дом-2” теледолбоорунун алып баруучусу Ольга Бузова Бишкек шаарына келди. Ал бүгүн, 19-июлда эртең менен сат 07:00 чамасында келгенин Инстаграмдагы баракчасына жазды.

“Кутман таң, Бишкек шаары. Мейманканага бара жатканда күндүн чыгып келатканын көрдүм. Кененирээк стористен көрүңүздөр. Айланада тоолор, таза аба. Жаратылышыңар кандай сонун! Азыр эс алганы барам. Силер менен жолугууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бишкек мага жакты”, – деген билдирүүсүн калтырган.

Ырчы Кыргыз өлкөсүнө лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке атайын чакыртылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь