Оштон күйүүчү майды мыйзамсыз ташыгандар аныкталды

298

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматынын жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарына аткезчилик жол менен АИ- 80 үлгүсүндөгү күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандар кармалды.

Каржы полициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акциздик топко кирген азыктардын мыйзамсыз айлануусун аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарына кире беришинде эки күйүүчү май ташуучу унаа токтотулган. Документтер боюнча алар 77 миң 720 литр нефрас ташып келе жаткандыгы көрсөтүлсө, чындыгында анын ичинде АИ-80 бензини болгон.

Күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 675 миң 483 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь