Ошто жаңы төрөлгөн кызын 30 миң сомго сатууга аракет кылган ата кармалды

209

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда  жаңы төрөлгөн кызын атасы 30 миң сомго сатууга аракет кылган. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук соттон тастыкташты.

Берилген маалыматтарга караганда, 15-июль күнү сатууга аракеттенген жарандын кызы 25-июнь күнү төрөлгөн.

Ал эми кылмышка шектелип кармалган А.А. аттуу жаран 1997-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну, ал эми ымыркайдын энеси 1995-жылы туулган Баткендин тургуну экени аныкталган. Учурда ымыркай тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан алынып, реабилитациялык борбордо каралууда.

“Кылмыш Ош шаарынын аймагында болгондуктан 17-июль күнү шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жарандар 2 айга үй камагына алынган”, – деп билдиришти облустук соттон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь