Анда көрүнүп тургандай, үйдүн короосунда белгисиз үч бала бир кишини ур-тепкиге ала баштайт. Видеонун автору окуяны терезеден тартып жатып, Рус деген бирөөнү кийлигишпе деп суранат. Бир маалда короого үстүндө көйнөгү жок жигит чуркап чыгып, шылуундарды ар кайсы жакка качыра кол салат.

Социалдык тармактардын колдонуучулары окуя Бишкек шаарында болгонун айтып, анын каарманын мактап жатышат.

Ал эми Tengrinews агенттиги окуя Казакстандын Актау шаарында болгонун жазды.

Андагы маалыматка караганда, видеодо 22 жаштагы Руслан Муханбеткалиев болгон. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, жалгыз кишиге кол салуу болгондо үйдө достору менен отурганын айткан.

“Балкон ачык турган эле. Бир маалда сыртта ызы-чуу болуп жаткандай угулду. Карасак бирөөлөр мушташып жатыптыр. Тиги кишиге жардам берип коелу деп алгач досума айттым, бирок кийин өзүм чуркап чыктым. Досум болуп жаткан нерсенин баарын видеого тартып алыптыр”, — деген Муханбеткалиев.

Муханбеткалиев мурда айкидо менен алектениптир. Ал эми акыркы кезде брусья жана турникке тартынып жүргөн. Каракчылар менен беттешкен күнү активдүү жашоо образы жардам берди деп ишенет.

Ошондой эле ал автоунаага газ орнотчу жайда катардагы жумушчу экенин, бирок ушундай учурларда адилеттүүлүк үчүн ар дайым колдон келген аракетин кыларын айтып берген.

Мангистау облустук полициясы видеону иликтеп чыкканын, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.

Рус базару нет, ты точно красава 😆😆

تم النشر بواسطة ‏‎Арзымат Досболотов‎‏ في الخميس، ١٨ يوليو ٢٠١٩

 

Булак: Спутник

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: