Бүгүн улуттук адабияттын казынасын байытуу максатына багытталган дүйнө адабиятын кыргыз тилине түп нускадан которуу боюнча конкурстун жыйынтыгы чыкты.
Чыгармачылыкты өркүндөтүүгө багытталган саамалыкка азыркы заманды залкарлары, коомдук жана саясий ишмерлер катышты.
Аталган конкурста 1-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 30 000 сомдон 90 000 сом; 2-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 20 000 сомдон 60 000 сомго чейин берилди. Ал эми 3-орундун жеңүүчүлөрүнө 10 000 сомдон 30 000 сомго чейин ыйгарылды. Ошондой эле, атайы кызыктыруучу байгенин жеңүүчүлөрү үчүн үч калемгерге 2 миң сомдон 6 миң сом тапшырылды.
Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурска жалпы 62 чыгарма келип түшкөн. Конкурстун жүрүшү 1-июлунда “ЭлТР” каналынын түз эфиринде берилген.
Чыгармачылык ат салышта калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаевдер болгон.
Конкурстун байге фонду алгач “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов тарабынан жүз миң сомду түзүп, кийин ага акын-адабиятчы, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жүз миң сом кошумча катары берген.
Эске салсак, конкур 2018-жылдын 12-декабрь күнү Кыргыз адабиятынын күнүнө арналган майрамда жарыяланган. Аталган конкурс “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюштурулганын “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакир белгиледи.