Бишкекте токтоп турган жеңил унаа күйүп кетти (видео)

199

Бишкектин ортосунда токтоп турган аавтоунаа күйүп кетти. Өрт 20-июлга караган түнү болуп, Бөкөнбаев менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган BMW автоунаасы күйүп кеткен.

Окуя түнкү саат 3:00дөр чамасында болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Жакын жерде жүргөн кишилер жалында калган автоунаанын жанындагы машиналарды ары түртүп куткарып калышкан.

Күбө эртең менен саат 9:00дөр чамасында окуя болгон жерден өткөндө, күйүп кеткен машина жок экенин көргөнүн айтты.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, автоунаа өрттөнүп жатканы боюнча маалымат саат 2:49да түшкөн. Кырсык болгон жерге бир өрт өчүрүүчү машина келип өрттү өчүргөн.

Булак: Спутник

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь