Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсү жаңыланып салынып жаткандыктан жергиликтүү тургундар айланып өтүүчү жол аркылуу каттап жатышат.
Элдик Медиа порталынын вотсап номерине айдоочу нааразычылыгын билдирип видео жөнөткөн. Тасмада көрүнүп тургандай айланып өтүүчү жолдун начарлыгы эле эмес, чаң болуп жатканына дагы нааразы. “Эч болбогондо суу сээп турса жакшы болот эле” деген ойун билдирген.
Эскерте кетсек, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында быйыл Каракол шаарынын үч чакырымдан ашык ички жолдору оңдолоорун билдиришкен.
Азыркы күндө ички жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө.