Лондондук миллиардер Балыкчыдагы өзү окуган мектебине жардам берүүдө

244

Лондондук миллиардер Юрий Шефлер Балыкчы  шаарындагы өзү билим алган мектепке жардам берүүдө. 

Маалыматка ылайык,  Шефлер «Большая перемена» кайрымдуулук фондун түзүп,  билим уясына жардам көрсөтүп келет. Ал өзү Лондондо жашайт.

Учурда фонд мектепти оңдоп-түзөө иштери үчүн 56 млн. сом бөлдү. Буга чейин  мектептин ашканасы  капиталдык оңдоодон  өтүп, 5 млн. 800 сомго эмеректер жана жабдуулар   берилген.  Мындан тышкары башталгыч класстар үчүн 1,5 млн. сомго гимнастика залын жасалган.

SPI Group директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Шефлер Forbes журналынын «Россиянын эң бай 200 бизнесмени-2019» рейтинги боюнча 60-орунда турат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь