Жубайлардын өмүрүн алган кырсык катталды

299

Ноокат районундагы жол кырсыктан жубайлар каза болуп, 8 адам ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты Ноокат райондук ооруканасынан тастыкташты.

19-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында Ноокат–Папан унаа жолунун 12-чакырымында, тактап айтканда Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну С.М. «Мерседес Бенц Гелендваген» үлгүсүндөгү унаасын Папан айылын көздөй башкарып бара жаткан. Ал ошол жерден «ВАЗ-2104» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. «ВАЗ-2104» үлгүсүндөгү унааны Ноокат районунун 1966-жылы туулган тургуну А.Т. башкарып жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен «ВАЗ-2104» унаасынын айдоочусу — 53 жаштагы А.Т. жана анын жубайы — 47 жаштагы Ж.Б. окуя болгон жерде каза болду. Ал эми Ноокат райондук ооруканасынан 8 адамдын абалы орто оор экенин айтышты.

Ооруканан маалыматына караганда, 19-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында ооруканага 8 адам келип түшкөн. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө, үчөө сыныктар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат.

«Мерседес Бенц Гелендваген» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү Кара-Кой жайлоосунда эс алып, кайтып келе жатышкан. Ал эми «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүлөрү Көк-Бел айылындагы туугандарынын үйүнөн кайтышкан. «Мерседес Бенц Гелендваген» унаасындагы балдар спирт ичимдигин ичишкени аныкталган, деп билдиришти ооруканадан.

Учурда аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Ноокат районунда эки унаа кагышканын жазган. Күбөлөр кырсыктын видеосун «Репортерго» жөнөтүшкөн.

Видеодон жабыркагандардын арасында жаш балдар да бар экенин, жабырлануучуларды 2 тез жардам унаасы алып кеткенин айтып жатышканын угууга болот.

https://bulbul.kg/video:63107
Булак: Турмуш

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь