Ирандын Маалымат министри АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынан келген 17 адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматтарга караганда, тыңчылар тобу Ирандын экономика, өзөктүк өндүрүш, армия тармактарында иш алып барып, жашыруун маалыматтарды топтоп келген.
Алардын айрымдары өлүм жазасына тартылса, калганы узак убакытка түрмөгө кесилген.
Америка 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыккандан бери Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык мамиле токтогон.