Кайгуул кызматына кабыл алуу сынагынан 61 милиция кызматкери өтпөй калды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Берилген маалыматка караганда, 3-турда 102 талапкер калган. Сынактан өтпөй калгандардын арасында Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шайырбек Бопонов жана анын орун басары Мирлан Чалыбаев дагы бар.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте Кайгуул милиция ишин ушул жылдын 1-сентябрынан тарта баштайт. Учурда кайра жандандырыла турган кызматтын материалдык-техникалык базасы түзүлүп жатат.

Белгиленген күнгө чейин штат куралып, кызматкерлер жаңы форма жана кызматтык унаалар менен камсыздалат. Алгачкы этапта Кайгуул милициясы ордо калаада гана иштейт.

Эске салсак, бул кызмат 2016-жылы түзүлгөн. Бирок натыйжалуу эмес деп табылып, бир жылдан кийин ал жабылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: