Кыргызстандык мушкер бир да беттешке катышпай туруп турнирди жеңип алды (видео)

125

Дагестандын Избербаш шаарында өткөн СССРдин спорт чебери Хажимурат Гамзаевдин элесине арналган Бүткүл россиялык бокс турниринде кыргызстандык спортчу Азат Үсөналиев өз салмак категориясында чемпион аталды.

Чет элдик булактардын маалыматына ылайык, ачык турнирге Азербайжан, Греция, Кытай, Украина, Кыргызстан жана Россиянын 16 регионунан 120 мушкер катышкан.

Үсөналиев 52 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашмак, бул көрсөткүч менен ат салыша турган болгону үч спортчунун аты аталган.

Чүчү кулактын натыйжасында кыргызстандык спортчу дароо финалга чыгып, дагестандык Хасбулат Омаров менен Абдула Салахудинов финалга жолдомо алуу үчүн таймашмакчы болгон.

Жарым финалдык беттешүүдө россиялык спортчулар бири-бири менен мушташа кетип, калыстар корпусу тарабынан дисквалификацияланган. Окуянын видеосу Россиянын Бокс федерациясынын Youtube-каналына жайгаштырылды.

Мындан улам Азат Үсөналиев бир да беттеш өткөрбөй туруп турнирдин жеңүүчүсү аталды. Медаль тагуу аземинде анын пьедесталда жалгыз турганы айтылат.

Булак: Спутник

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь