Москвада эч жерде иштебеген жарандын 5 миллион рубль акчасын уурдап кетишти

622

Москва шаарынан эч жерде иштебеген жаранды белгисиз адамдар көчөдөн тоноп сумкасын алып кетти. Анда 5 миллион рублга жакын акчасы болгон. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 20-июль күнү Москванын түндүк-чыгыш тарабында орун алган.

“Полицияга арыз менен 1984-жылы туулган жаран кайрылган. Анда ал Академик Королев көчөсүнөн эки белгисиз адам бетине суюктук чачып, көтөрүп жүргөн сумкасын жулуп качышкан. Анын сумкасында 4 миллион 850 миң рубль акчасы бар экенин да билдирген. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь